COVID-19: ӨЛКӨДӨ АБАЛ КАНДАЙ?

№933 22-28-октябрь, 2020-ж.

Өлкөдөгү соңку саясий окуяларга катар COVID-19 илдети кайрадан күн тартибине чыкты. Кырдаал начарлап баратканын адистер эскертишүүдө. Аталган илдет тууралуу күн сайын расмий жарыяланып жаткан статистикалык маалыматтар, ооруканаларда кошумча орундардын даярдалып жатышы кырдаал оорлоп баратканынан кабар берет.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 20-октябрга карата өлкө боюнча 1 сутка ичинде 384 кишиден COVID-19 илдети табылып, 2 адам бул дарттан каза болду. Өлкөдө бул вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 52 910 кишиге жетти. Анын 46 139у сакайып чыкты.

Бишкекте COVID-19 илдети менен күрөшүүдө быйыл жайында ачылып, оорулуулар азайганда жабылган жайлар бейтаптарды кабыл алуу үчүн кайра ишке киргизилди. Учурда Бишкектеги 11 оорукана бейтаптарды кабыл алууну жүргүзүүдө. Алар Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана, Кыргыз-Түрк достук ооруканасы, Улуттук госпиталь, Улуттук хирургиялык борбор жана башка ооруканалар.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо