№933 22-28-октябрь, 2020-ж.
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматка суракка чакырылды. Бул тууралуу 21-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Абылгазиев коронавирус пандемиясы учурунда Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары чакырылганы айтылды. Финпол 20-октябрда Абылгазиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган болчу.
Эскерте кетсек, буга чейин экс-саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев пандемия учурундагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Мухаммедкалый Абылгазиев “Кыргызтелекомдун” радиожыштык чырына байланыштуу быйыл июнь айында кызматтан кеткен.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |