№933 22-28-октябрь, 2020-ж.
Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Касмамбетовдун орун басары болуп Медербек Сатыев дайындалды. Башка жарлык менен буга чейин президенттик аппаратты жетектеп келген Алмаз Кененбаев кызматтан бошотулду.
Премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен Шайиста Шатманова “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Ал буга чейин “Супер-Инфо” гезитинин директору болуп иштеген. Президенттин милдетин аткаруучунун дагы бир буйругу менен Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
“Унаа” мамлекеттик ишканасынын директору болуп Турусбек Түмөнбаев, Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп Таштанбек Каймазаров дайындалды.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |