КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДА ЧЫР ЧЫКТЫ

№934 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.

Баткен облусунун Үч-Дөбө айылында 25-октябрь күнү Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Үч-Дөбө айылындагы такталбаган аймакта Тажикстандын жарандары суу алып өтчү түтүктөрдү орнотуу иштерин жүргүзүп жатканда Кыргыз тараптан чек арачылар барып, эскертүү беришкен. Бирок Тажик жарандары эскертүүнү укпай, оозеки кайым айтышууга барышкан. Кыргыз чек арачылары өз учурунда чатактын күчөп кетпөөсүнүн алдын алып асманга эскертүү иретинде ок атышкан.

Азыркы тапта аталган тилкеде курулуш иштери токтотулду. Окуяга байланыштуу 26-октябрда эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп сүйлөштү. Ага Баткен облустук администрациясынын аппаратынын укук, тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов, Баткен районунун акиминин орун басары Адыбек Набиев, Тажикстандын Исфара районунун акиминин орун басары жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты. Абал облус башчысынын жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө, учурда кырдаал туруктуу деп айтылды.

Маалыматка таянсак, окуядан жабыркаган жарандар жок.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо