Тилек Жумагазиев, актёр: «ЖАРДАМ СУРАГАН ООР ЭКЕН, БИРОК ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ»

№935 5-11-ноябрь, 2020-ж.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру, театр жана кино жылдызы, театрдын алдындагы театралдык окуу жайдын директору Тилек Жумагазиев жардамга муктаж. Актёр "Кыргыз-казак бир тууган", "Боорду эзген Боронбай", "Жараланган жүрөк", "Дудук кыз" жана башка тасмаларда образ жараткан. Таланттуу агабыздын учурдагы абалы тууралуу маектештик.

– Агай, саламатсызбы, учурда абалыңыз кандай?

– Жакшы. Кыска метраждуу бир тасмага тартылып жаткам, аз болсо да иштеп жатам.

– Бооруңуз качан ооруп баштады?

– Сауд Арабиясына Көчмөндөр оюнуна барып келгенден кийин эле өзүмдү жаман сезип баштадым. Келгенде арыктап кеткем. Өтүмдө мурун эле таш бар болчу, операция кылып өтүмдү алып ташташкан. Ошондо ооруканадан боор кургап кеткенин айтышты.

Меникин гепатит деп коёт экен, мында боор кургап кетет тура. Былтыртан бери диетадамын, 20 килограммдай арыктадым. Ай сайын анализдерди тапшырып жатам.

– Кайсы жактан боорду алмаштырууга сүйлөшүүлөр болуп жатат?

– Дарыгерлердин айтымында, тез арада боорду алмаштыруу керек экен. Учурда уулум Индия жана Түркия мамлекеттеринин клиникалары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Донор да табыла элек. Балдарымдыкы да туура келбей жатат, бирок балам болбой эле боорун берейин деп жатат. Операция төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашат экен. Ал жактан мага туура келген донорду таап беришсе, биз аларга туура келген донор болуп калышыбыз мүмкүн экен. Учурда 50-55 миң доллардын тегерегиндеги сумма керек болууда.

– Элден жардам суроо демилгесин ким көтөрдү?

– Жардам сурап кайрылуу мага деле оор болду, бирок айла жок болуп калды. Жашагым келет, дагы образ жараткым келет. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков баш болуп теңтуштар, жакын санаалаштар демилгелеп беришти. «Элге чыгып көрөлү, өмүрдөн кымбат эмне бар?» деп видео кайрылуу жасашты. Мен да макулдугумду бердим.

– Каражат чогулуп жатабы?

– Азыраак чогулуп калды.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып кетсеңиз.

– 2 кыз, 1 уулум бар, чоңоюп калышты. Оору деген жаман экен. Азыркы жаштарга айтарым – эң кымбат нерсе ден соолук. Бардык нерсени таап алсаң болот, ден соолукту таба албайт экенсиң. Ошол үчүн биринчи ден соолукту карагыла.

Таланттуу агабыздын боорун алмаштырууга жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Банк эсеби: 128019000002874

Элсом номери: 0555 457396


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
09.11.2020. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир дагы пенде оорубасынчы Кудай!
Кудай оңунан берип донор табылып,каражат топтолуп оор дарттан айыгып кетсин буюрса!
13.11.2020. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым донор таап,,,дартын берген озун,,жардам берген озун боло кор!Чон апам ушундан каза болгондо жолу жок го айыктыруучу деп ойлодум эле..... Кудайым шыпаа бере кор
13.11.2020. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин.
15.11.2020. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо