ГЕПАТИТТЕН ЖАБЫРКАГАНДАР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

№936 12-18-ноябрь, 2020-ж.

Бишкекте гепатит дартынан жабыркагандар, алардын жакындары 11-ноябрда митингге чыгышты. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына топтолуп, талаптарын айтышты. Маселени тез арада чечүүнү талап кылып жатышат. Ушул эле күнү аталган министрликтин өкүлдөрү нааразы тараптын өкүлдөрүн кабыл алып, пикир алышты. Айтылган талаптар боюнча 2-3 күндүн ичинде карап берүүгө аракет кыларын министрликтин өкүлдөрү айтышты.

Нааразычылык акциясына чыккандар гепатитке чалдыккандар үчүн дары-дармектин баасын, лабораториялык изилдөөлөрдү арзандатууну, ошондой эле чет өлкөдө жасалчу операциялардын баасын төмөндөтүп берүүнү өтүнүп жатышат.

Айта кетсек, жугуштуу деп саналган бул илдеттин В жана С түрүнөн дүйнөдө 325 миллион адам жабыркайт (2019-жылкы статистика боюнча). Анын ичинен 1 миллион 400 миң адам жыл сайын көз жумат.

Гепатит илдети ичинен А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт. Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт. Аны убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Бул түрүн мурда "боткин" деп да атап коюшкан. Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү организмде билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо