БИР БҮРКҮМ. АЖО БОЛОМ ДЕГЕНДЕР 12ге ЖЕТТИ...

№936 12-18-ноябрь, 2020-ж.

  • Кыргыз өкмөтү Түркия тарапка эки өлкө ортосундагы визалык чектөөнү жоюуну сунуштады.
  • 10-ноябрда “Кара-Кече” кенинен көмүр ташып келе жаткан унаа кулап, 1 адам каза тапты.
  • Бишкек мэри Балбак Түлөбаев муниципалдык кызматтын кызматкерлерине: “Той-аштардан көрсөм ишке чыкпай, андан ары кете бергиле”.
  • Өлкөдө 10-ноябрга карата 1 доллардын баасы 84 сом 45 тыйынга жетти.
  • Президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз бергендер 11-ноябрга карата 12 адамга жетти.
  • Кылмышка шектелип кармалган мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жүрөгүнө операция жасатууга муктаж экени айтылды.
  • Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева “коронавируска каршы күрөшүү үчүн учурда 2-3 айга жеткидей дары-дармек бар” деди.
  • Быйылкы Жаңы жылга карата Бишкек мэриясы фейерверк жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартканы жатат.
  • 2 өспүрүм автоунаа уурдоого шектелүүдө, алар Бишкектен Ошко бараткан жолдо кармалганын 10-ноябрда ИИМден билдиришти.
  • Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 141 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
  • 30 миң сом пара алууга шектелип Сузак РИИБинин кызматкери кармалды.
  • 30-ноябрда Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо өтөт.
  • Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги: “2020-жылы өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 113 жаран ишке орноштурулду”.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо