Роза Азимбаева, актриса: “ТУРМУШКА ЧЫККАНДА 1 АЙ ГАНА ӨЗҮМДҮ БАКТЫЛУУ СЕЗДИМ”

№936 12-18-ноябрь, 2020-ж.

“Министрдин кызынын махабаты” тасмасында Зинанын ролун аткарып таанымал болгон актриса Роза Азимбаева ырчылыкка кадам таштаганын айтат. Каарманым чыгармачылыгы, аталган тасманын жашоосуна тийгизген таасири жана жолдошу менен ажырашканы тууралуу кенен айтып берди.

– Роза эже, куш келипсиз. Азыр эмне менен алексиз?

– Рахмат! Азыр жең түрө ырчылыкка киришип жатам. Жакында “Өкүнүч” деген ырым чыкты. Азыр "Жакшылар түгөнбөсүн жер үстүндө" деген ырыма клип тарттырып жатам. Мындан тышкары тойлордо ырдала турган 5-6 ырым бар.

– Алгачкы “Өкүнүч” аттуу ырыңыз кайгылуу экен...

– Бул ыр 2008-жылы “Министрдин кызынын махабаты” тасмасына саундтрек катары жазылган. Бирок кийин пландар өзгөрүлүп кетип, ырдалбай калган. Ырдын менин жашоомо тиешеси жок.

– “Министрдин кызынын махабатынан” кийин эмне менен алек болдуңуз?

– Ал тасмадан кийин 6 жылдай киного тартылбай, Кыргызстандан алыс жүрдүм. Анткени Зинанын ролу жашоомо терс таасирин тийгизди. Элдин мага карата ою, көз карашы өзгөрдү. Көпчүлүк мени жаман көрдү, жаман сөздөр айтылды. Көрсө, ошол убакта эл тасмадан ачык сценаларды көрүүгө даяр эмес болчу экен. Эл менин актриса экенимди, бул жөн гана тасмадагы роль экенин түшүнгөн жок. Азыр мага жазылган комментарийлерди көрүп, дагы деле деңгээлибиз өсө элек экенин байкадым. Ошондо мага карата айтылган сөздөр, жаман көз караштар катуу тийген, жүрөгүм ооруган, ыйлагам. Бирок “жок, мен жакшымын” деп актана албайсың да. Алсыз адам мындай учурда өзүн таштап салышы мүмкүн эле. Мен күчтүү болгонум үчүн адамдык сапатымды сактап калдым деп ойлойм.

– Ал тасмага тартылганыңыз үчүн болгон өкүнүчүңүздү канча убакытта жеңдиңиз?

– Эми эле жеңдим. Адам бактылуу болмоюнча бактысыздыгынын себебин издей берет экен. Жашоодо бактысыз адамдар көп. Бирок алар Зинанын ролун ойнобой эле бактысыз болуп жатышат да. Элдин баары ошол нерсени баса айта бергени үчүн жашоомдогу бардык жакшы эмес окуяларга ошол роль себеп болгондой көрүнө берди окшойт. Бирок бул тагдыр. Ал ролду ойнобосом деле тагдырым ушундай болмок болушу керек.

– 20 жашыңызда эч ким менен кеңешпей эле бул тасмага тартылуу чечимин кабыл алган экенсиз. Муну эрдик деп сыпаттаса да болсо керек?

– Бул эрдикпи, күчтүүлүкпү, билбейм. Бирок кичинекейимден эле чечимди өзүм чыгарам, мүнөзүм ошондой. Апама же туугандарыма арманымды айтып кеңеш сураган адам эмесмин. Жакында жолдошум менен ажырашып кеткенимди угуп, “күчтүү экенсиң. Мен кете албай жүрөм. Ден соолугумдан айрылдым” деп жазган айымдар көп болду.

– Ажыраштым деп калдыңыз. Жолдошуңуз менен канча жашадыңыз? Бул чечимди кабыл алууга эмне себеп болду?

– 6 ай жашадык. Ажырашуума себеп көп. Акыркы берген маектеримден улам эл жолдошун сүйө албай ажырашыптыр деп ойлоп, “ушинтип ойлонбой иш кыласыңбы, жеңил ойлуу экенсиң” деп жазып жатышат. Сүйбөй туруп турмушка чыгуу менин чечимим болду. Анан турмушка чыккандан кийин “сүйбөй калдым” деп ажырашпайт болчумун. Балким, бир күнү жакшы көрүп кетем деп жашай бермекмин. Бирок андан башка себептер да көп болду, үй-бүлөнүн келечеги жок болгону үчүн ажыраштым. Жашаганга болбой калган. Элге жарыялабай турган себептер бар. Элге көз караштарыбыздын дал келбей калганын гана айта алам.

– Сиз Баткенде иштеп жүрүп таанышып, турмушка чыктыңыз. Баткенге барып калганыңыз тууралуу айтсаңыз...

– Замир Сооронбаев агайым менен Калича Сейдалиева эжемдин “Баткенге барып иштеп келбейсиңби?” деген сунушун четке кага албай, Баткендеги театрдын актрисасы болуп иштөө үчүн баргам. Азыр барбай эле койсом болмок экен деп өкүнөм. Андан көрө агайым менен эжекем таарынса жакшы болмок экен. Жолдошум менен кесиптеш болдук. Айланадагылар “баш кошуп алгыла” деп айта беришти. Анан эле ойдо жок жерден баш кошуп калдык. Комментарийге “турмуш сага оюнчукпу?” деп жазып жатышат. Балким, жаш болсом оюнчуктай көрмөкмүн. Мен “жашайм, бала жытын жыттайын, жакшы жубай, келин болоюн” деген жакшы ниет менен турмушка чыктым, аракет жасадым. Бирок болгон жок. Мен өзүмдү кыйнагым келген жок. Себеби чыдабайт болчумун. Баары бир бир күнү ажырашмакпыз. Боло турган нерсенин эрте болгону жакшы. “Эл эмне дейт?” деп жүрө берсең, өзүң кыйналасың, ден соолугуң кетет.

– Сүйүү жок болсо дагы өзүңүздү кыйнап турмушка чыгышыңызга эмне түрткү болду?

“Жашың өтүп баратат, картайып кеттиң, балалуу болушуң керек” деген сөздөр, кыргыздын менталитети түрткү болду. Азыркы күнгө чейин мени алам деген бойдок жаш балдар бар, буга чейин да болуп келген. Буйрук болду окшойт. Маңдайга жазганын көрөт экенсиң.

– Ажырашуу чечимин кабыл алуу, ажырашкандан кийинки жашоо оор болдубу?

– Мен турмушка чыккандан кийин бир айдай гана өзүмдү бактылуу сездим. Андан кийин депрессияда жүрдүм. Күнү-түнү ойлонуп, адашканыма ичим ачышты. Ушинтип кыйналганда күнөөлүүлөрдү, себептерди издей берет экенсиң. Акырында “бул тагдыр, тагдырга баш ийебиз. Эч нерсе эмес, бардык адамдар жаңылат” деп өзүңдү сооротосуң. Ортодо бала болбогондуктан ажырашуу мен үчүн жеңил болду. Бала болсо чайналмакпыз.

– Бактыбызды күйөөгө байлаган туурабы? Жалгыз бактылуу болсо болобу?

– Күйөөгө тийгенде эле бактылуу болбойт экенсиң. Сени бактылуу кылган адам менен бирге болсоң бактылуу болосуң. Эгер бардык нерседен бакытты көрө алсаң, турмушка чыкпай деле бактылуу болсоң болот. Мен бардык нерседен бакыт издеген, кооздукка суктанган, кичине нерсеге да сүйүнгөн адаммын. Бирок жүрөгүң, жан дүйнөң өзүңдүн түгөйүңдү издейт экен. Жашың өтсө деле жүрөк жан шеригин тапмайынча сага тынчтык бербейт экен, бактылуу сездирбейт экен. Мурун эже-байкелер “жүрөк жаш” дешсе, “чоң киши болуп алып ушинтип сүйлөшөт, жыртаңбайлар” деп жаман көрчүмүн. Көрсө, чын эле жүрөк картайбайт экен, жүрөк согуп турганда сүйүү издейт экен.

Кудай аялды башкача жаратыптыр, балалуу болгуң келет. Ошол бала жытын жыттагың келген сезим сени уктатпай кыйнайт. Адамбыз да, ким эмнеге жетпесе, ошону арман кылып жашайт тура. Ага жетсең, башка жаңы максаттар пайда болот. Негизи эле адамдар өмүр өткөнчө бир нерсени арман кылып, өзүбүзгө көйгөй издеп жашайт экенбиз. Жаратылышыбыз ошондой экен.

– Алдыдагы кадамдарыңыз кандай болот? Кыялыңыз кандай?

– Талантымды өстүргүм келет. Укмуштуудай концерт берүүнү кыялданып жатам.

– Кыялыңызда актрисалык жокпу?

– Актрисалыкты да жакшы көрөм. Бирок Кыргызстанда актрисалыктын өмүрү кыска. 30 жаштан өтсөң, баш каармандын ролун бербей калышат.

– Сизге ийгилик. Жүрөгүңүз издегенин табышына тилектешпиз. Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
16.11.2020. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Күйөөңдүн күнөөсү жок менин оюмча,сен ал адамды жөн эле колдонуп койдуң,башыңды ачып күйөөдөн чыккан деген статусту алыш үчүн,күйөөгө чыга элек кара далы деген сөзгө караганда,күйөөдөн чыккан деген сөз жакшы дегендей))) өзүңдү гана күнөөлө жаш кезде түз жүрсөң давно бактылуу болмоксуң
16.11.2020. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
KaGaH,созуно кошулам.
16.11.2020. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
KaGaH, бул созунуз журокко кандай тиерин элестететип кордунузбу? Демек кыздар ажырашса статус учун тийген болобу?
16.11.2020. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
KaGaH,а че силер туз эмес кыйшык жургонун кармап алдынар беле?же свеча кармап турдунар беле ошол жерде?билбей туруп суйлой бербегиле.
16.11.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кандай жургонун Силер кайдан билесинер.Жон эле жамандай бербегиле.Ар Бир Адам ОЗУ билет кандай жашашты.Туз жолдобу,кыйшак жолдобу,кайсыл жолдо баспасын ал басып жатат.Озу жооп берет.Силер жооп бербейсинерда.Жон эле жургуло биронун куноосун мойнунарга албай.Бироону жамандаган анын тен куноосун болушуп алганга барабан.
Janna19 түзөттү 2020-11-16 13:54:10
17.11.2020. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Janna19,+ басам деп, - басып алдым. Бирок созунузго 100 пайыз кошулам
16.11.2020. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бактысын эртерээк таап бала жытын жыттасын
16.11.2020. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эн негизги Жан дуйно бакыт таппаса, башка нерседе бакыт жок. Кудайым сага бакыт берсин, тушунбогон, ой жугуртусу томон адамдардын созуно конул бурбаганга аракет кылыш керек, алар суйлогондон, конул тушурудон башка пайдасы жок
18.11.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кел мага эле тийип ал,олуп кетсин эл эмне дейт,ошого как карайсынбы,сендей аялга жеткен бар,жетпеген бар
18.11.2020. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Altunbek130, Артистке үйлөнгүчө бир ургаачы эшек эле сатып алчы!
19.11.2020. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Altunbek130,жоргонун тери кургабайт,сулуунун **** кургабайт...
20.11.2020. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Додуроп ар кайсыны жаза бербегиле,тушунук денгээлинер томон экен кээ биринердин,ал болгону роль,чыныгы актер актриса роль тандабаш керек,кандай роль болсо иинине жеткире аткарып элге жеткириш керек,актерлордун ал жумушу.
21.11.2020. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Arlenchik,бразерс.сом сунуш берсе да тартылсын анда ))
22.11.2020. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарий жазып атышат дейсиз да комментарийлерди окубай эле коюнузчу. Жыргаган соз жазышмак беле?
22.11.2020. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу жакшы жигит эле,убалына каласыз го,бекер эле аны уйлонуп ажырашты деген атка калтырып, жогоруда бироо айткандай жон эле бетин ачып алгандай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо