БИР БҮРКҮМ. АК ҮЙДҮН ИМАРАТЫ ОҢДОЛУП БҮТТҮ...

№938 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.

  • Бишкектин Октябрь районунун акими 23-ноябрда коррупцияга шектелип кармалды.
  • Өлкөдө 2016-жылдын сентябрынан бери 33 617 даана мамлекеттик автоунаа номери сатылганы айтылды.
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелерин так сактабаган деп “Бишкекасфальтсервис” ишканасына 451 миң сом айып салынды.
  • Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатрлар ачылат.
  • Ысык-Көл облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев 23-ноябрда жол кырсыгына кабылып, ооруканага жеткирилди.
  • Бишкектен 20-ноябрда “Чач” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Э.М. кармалды.
  • Мелис Тургунбаев “Кыргызнефтегаз” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.
  • Ички иштер министринин мурдагы орун басары, генерал Курсан Асановдун жубайы Динара Усенканова Финполго суракка чакырылды.
  • 5-6-октябрдагы окуяларда талкаланган Ак үйдүн имараты оңдолуп, колдонууга берилди.
  • Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин жактырды.
  • 25-ноябрга карата президенттик шайлоого катышууну көздөгөн 47 талапкер бар, тизме улам кыскарууда.
  • Бишкекте “Түндүк электр” ишканасынын кызматкерлери кайрадан митингге чыгышты, алар ишкананын азыркы жетекчиси кызматта мыйзамсыз отурат деп нааразы.
  • БШК 10-январда өтүүчү президенттик шайлоого 137 миллион 290 миң сом жумшаларын билдирди.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо