КОСМОСКО САЯКАТКА ЧЫГУУНУ ПЛАНДАШТЫРА БЕРИҢИЗ

№940 10-16-декабрь, 2020-ж.

Космоско чыгып Жер шарына саякаттоо кыялыбыз аткарылуу алдында. Анткени америкалык Space Perspective компаниясы 2021-жылы Жер орбитасына чыгуу үчүн билеттерди сатып баштаарын Ars Technica басылмасына маалымдады. Бул уюмдун штаб-квартирасы Флорида штатындагы “Кеннеди” космостук борборунда жайгашкан. Алар жакында эле 7 миллион долларлык ири инвестиция тартышып, натыйжада келе жаткан жылы Neptune кемесин учуруп сыноодон өткөрүү алдында турат. Анын ичинде бир учкучтан сырткары сегиз жүргүнчүгө орун каралып, алар 30 чакырым бийиктикке учушуп жогорудан Жер шарынын кооздугуна 4 саатка чейин суктана алышат.

Кеме футбол аянтындай чоңдуктагы учуучу шардын жардамы менен жогору көтөрүлөт. Негиздөөчүлөрдүн бири Жейн Пойнтердин айтымында, билеттин баасы болжолдуу түрдө 125 миң доллар болмокчу. Бул сумма башка космостук саякат менен алектенип жаткан Virgin Galactic жана Blue Origin компанияларынын сунуштап жаткан баасынан эки эсе арзан. Аталган компаниялар мындай саналуу сааттагы ажайып көрүнүшкө 300 миң доллар алышарын билдирип келишет.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо