КӨЗ АЙНЕК АРКЫЛУУ КЫСКА МЕТРАЖДУУ КИНО ТАРТЫЛДЫ

№940 10-16-декабрь, 2020-ж.

АКШнын Лос-Анжелес шаарынын тургуну сүрөтчү, активист Лорен Хэлси 4 мүнөттүк кыска метраждуу кино тартып, элдин назарын бурду. Аны камеранын же телефондун жардамы менен эмес, көз айнек аркылуу тарткан. Бул гаджет америкалык Snap lnc. компаниясы чыгарган 10 секунддук видео тартууга жөндөмдүү Spectacles-3 акылдуу көз айнеги. Ал гаджеттин эки четине эки камера, төрт микрофон орнотулуп, алар батарейка менен иштейт. Ага тартылган сүрөт, видеолорду смартфондогу Snapchat платформасы аркылуу сактап же оңдоп алып, интернеттеги социалдык тармактардан бөлүшүүгө болот.

Бул видео кыска метраждуу кино деп аталып, анда муктаж адамдарга жардамды таңгактап жеткизүүчү топтун активдүү, креативдүү мүчөлөрүнүн иш күнү тартылган. Видеодо көз айнектин жаңы мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, Хэлси эффекттерди колдонуу менен өзгөчө кыска фильм жарата алган.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо