Нурсултан Назарбаев Акаев менен Бакиевди өлкөдөн кантип чыгарып кеткенин айтты

№941 17-23-декабрь, 2020-ж.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 2005 жана 2010-жылкы революциялардан кийин Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кантип өлкөдөн чыгарып кеткенин казакстандык телеканалдардын бириндеги маегинде айтып берди.

Акаевди Бишкектен Таразга тик учак менен алып кетүүгө туура келди. Кырдаал оор болчу, ал жерде аткылашы мүмкүн эле. Конфронтация болбошу үчүн аны алып чыгып кеттим. Андан кийин так эле ушундай тарых кайталанды. Ал Ошко барды, тарапташтарын чогултту, аларды куралдантты, Бишкекти көздөй жөнөөгө даяр болчу. "Курманбек, эмне кылып жатасың? Кан төгүлөт. Кайра президент болуп отургуң келеби? Мейли, кайра бийликти алдың дейли, ушундай окуялардан кийин кантип иштейсиң?" дедим,- деп эскерет Назарбаев.

Назарбаевдин айтымында, ага Роза Отунбаева байланышып, Бакиевди тынчтандырып берүүнү суранган.

– Ал учурда Вашингтондо өзөктүк куралга каршы кеңешме өтүп жаткан. Орусияда Медведев, АКШда Обама президент болчу. Үчөөбүз жалпы жыйында отуруп шыбырашып жаткан сүрөт бар. Ошондо "Кыргыз өлкөсүндө жарандык согуш башталып кетиши мүмкүн болуп жатат" деп сүйлөшүп жатканбыз. Мен "Бакиевди Бишкектен алып чыгып кетейин, орусиялык истребителдер менин учагымды коргоп беришсин" деп сунуш кылгам. Мага "Ош аэропортунун учуп-конуучу тилкесине таш төгүп салышты" деген маалымат бар экенин айтышты. Мен "учакты жибере бер, эгер конуу тилкесинен таш көрүнсө кайрылып кете берсин" дегем. Эгер жок болсо алып келе берет дегем. Бирок ал жерде эч кандай таш болгон эмес. Курманбекке "жакындарыңды даярдап тур" деп айткам. Ошентип аны үй-бүлөсү менен чыгарып кеттик. Эгер бул нерсени кылбасак, кан төгүлмөк, алар мындай болуп кетерин унутуп коюшат,- дейт Нурсултан Назарбаев.

Кыргыздын мурдагы президенттери Аскар Акаев учурда Орусияда, Курманбек Бакиев Беларуста баш калкалайт.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо