COVID-19: “КЫЗЫЛ АЙМАКТА” ИШТЕГЕН ДАРЫГЕРЛЕР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

№941 17-23-декабрь, 2020-ж.

Бишкекте 15-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына медицина кызматкерлери митингге чыгышты. Себеп – кошумча эмгек акылардын берилбей жатышы.

Чогулгандар коронавирус эпидемиясында “кызыл аймакта” иштегени үчүн эмгек акыларын 2 айдан бери ала албай жатканын айтып, убада кылынган сумманы төлөп берүүнү талап кылып жатышат.

– Октябрда “кызыл аймакка” кирип иштегенбиз, ошонун эмгек акысын бүгүнкү күнгө чейин ала албай жатабыз. Бизге да каражат керек, тынчтык митингине чыгууга аргасыз болдук. “Кызыл аймактын” акчасын убада кылгандан кийин чечип берип коюшса болот эле,- дейт Республикалык ооруканада медайым болуп иштеген Малика Токтобекова.

Чогулгандардын айтымында, Республикалык ооруканада “кызыл аймакта” иштегени үчүн эмгек акысын ала албай жаткан 200дөй медицина кызматкери бар.

Коронавирус эпидемиясында “кызыл аймакта” иштеп жүрүп аталган илдетти жуктуруп алган медицина кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Расмий маалыматка таянсак, 8-декабрга карата жалпы 608 медицина кызматкерине 200 миң сомдон кошумча акы төлөндү. Каза болгон 30 медицина кызматкеринин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон төлөнүп берилгени айтылды. Дагы 148 кызматкерге, каза болгон 2 кызматкердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалып жатканын билдирген Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо