ЭМНЕ ҮЧҮН ОРУСИЯ ИЧКИ ИШИБИЗГЕ КИЙЛИГИШИП ЖАТАТ?

№413 1-7-октябрь, 2010-ж.

Парламентаризмди эзелки душманындай сындап, "бул система Кыргызстанды “оогандашууга” алып барат" деп жар салып келе жаткан Орусия Өмүрбек Текебаевге каршы маалыматтык чабуулун баштады. Жарандык коом орусиялык маалымдоо каражаттарынын бул аракетин өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалоодо. Шайлоо алдында улам бир лидерди кабылдап, Кыргызстандан таянар саясатчы издеген держава жакында эле Феликс Куловдон парламенттик системага каршы экендиги туурасында сөзүн алды. Эки жыл мурун эле парламентаризмди жактап келген “Ар-намыстын” лидерин кайсы кара теке сүздү?
Кремлге жакын жана “Газпромго” тийиштүү НТВ каналынан башталган маалыматтык чабуулдан соң кыргыз коомчулугу Текебаевди коргоого алууга өттү. 28-сентябрь күнү кечкисин Орусиянын НТВ телеканалынан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кастык жана жүзү каралык менен каралаган көрсөтүүнү беришти. Жогоруда айтылгандардын баарын эске ала, Ө.Текебаевдин аброюна шек келтирген НТВ каналынын берүүсү Кремлдин Кыргызстандын ички иштерине жана элдик референдум аркылуу парламенттик-президенттик башкаруу системасын тандаган жалпы кыргызстандыктардын саясий чечимине одоно түрдө кийлигишкендик болуп саналат.
Кыргызстандык журналисттер, коомдук, медиа уюмдардын өкүлдөрү жана жөнөкөй жарандар орусиялык телекомпаниялардын биздин өлкөнүн ички иштерине одоно кийлигишип жаткандарына нааразы. “Бул орусиялык каналдарга чыккан биринчи үгүт материал эмес. Дээрлик күн сайын саясий пиар камтыган маалыматтар берилип жатат. Бул телеканалдар Кыргызстанда көрсөтүлгөндүктөн, мындай материалдар шайлоонун жыйынтыгына таасир берип калышы толук ыктымал”,- деп жазылат алардын билдирүүсүндө. Нааразычылыгын айткандардын арасында УТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев, Медиа полис институтунун директору Бегаим Усенова, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Мэри Бекешова жана башкалар бар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
08.10.2010. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menimche Tekebaev Bakievdin ulandisi...Orusya karshi chikkanina karaganda.Orustardin akisi jok bizdin ichki sayasatka aralashkanga,birok Tekebaev jonundogu tasma chindik,en keyichtuusu bul.kancha jaap jashirsanar da,maktasanar da al chindikti ozgorto albaysinar super info.
29.10.2010. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Russia bizdi koiup ozunun ichindegi problemalardy chechip alsynchy degim kelet. АКШга tenelip emne kylat desen. АКШ kim orustar kim.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо