АКЫЛДУУ СӨЙКӨ КУЛАКТЫН УЧУ АРКЫЛУУ КАНДАГЫ КАНТТЫН ДЕҢГЭЭЛИН ТЕКШЕРЕТ

№941 17-23-декабрь, 2020-ж.

Кант диабетинен жабыркагандар кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп туруу үчүн манжасынан кан тапшырып турууга мажбур. Бирок бир катар заманбап технологиялар процессти ыңгайлуу кылууга жардам беришет. Мисалы, англиялык студент тарабынан иштелип чыккан клипс түрүндөгү сөйкө 1-түрдөгү кант диабети менен ооруган балдардын ден соолугун көзөмөлдөп турууга келечекте жардам берет деп ишенет.

Sense Glucose Earring сөйкөсү – Хаддерсфилд университетинин бүтүрүүчүсү Тайра Козловдун эмгеги. Зер буюмдарды медициналык гаджетке айлантуу идеясы ага кант диабети менен ооруган балдардын ата-энелери менен сүйлөшкөндөн кийин келген. Алар балдарынын абалын көзөмөлдөө учурунда кандай кыйынчылыктарга туш болору тууралуу сүйлөшүшкөн эле.

Ойлоп табуучунун идеясы боюнча, кулактын сөйкө таккан жериндеги ткандар аркылуу жогорку жыштыктагы радио толкундарын жиберип, кандагы канттын деңгээлин өлчөйт. Бейтапка анализ алуу убактысы келгенин дайыма эстеп жүрүүнүн кажети жок. Ал эми смартфондогу тиркеме ошол убакыттагы кандагы канттын деңгээлин көрсөтүп турат.

"Sense сөйкөсү өспүрүмдөрдө кант диабетин көзөмөлдөп, акылдуу технологияны колдонуу аркылуу оору менен күрөшө аларына ишеним пайда болот деп ойлойм. Мониторинг жүргүзүү процесси акылдуу саат аркылуу жүрөктүн кагышын өлчөөдөн кыйыныр эмес. Бул алардын күнүмдүк жашоосуна айланып, түйшүгүн жеңилдетет деп үмүттөнөм",- дейт идеянын автору.


Гулийпа Маметосмон кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо