ДЕПУТАТТАН 160 МИҢ ДОЛЛАР ТАЛАП КЫЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

№942 24-30 декабрь, 2020-ж

Парламент депутаты Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар пара талап кылган жаран кармалды. Бишкектин Биринчи Май РИИБинин маалыматына таянсак, 5-декабрда Кубанычбек Жумалиев милицияга кайрылып, 160 миң доллар пара талап кылып жаткан жаранга чара көрүүнү суранган. Бул акча Жумалиевдин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында тергелип жаткан кылмыш ишин токтотуп берүү убадасы менен талап кылынганы айтылат маалыматта.

20-декабрда Бишкекте 2 миң доллар алып жаткан учурда 1996-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

– Кылмышка шектүү Бишкекте жашап, убактылуу эч жерде иштебей турганын, материалдык оор шарттан улам аталган кылмышка барганын айтып берди. Бул жарандын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды ,- деп билдирди Бишкек милициясы.

21-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарды. Бул тууралуу адвокат Бактыбек Жумашев ЖМКларга билдирип, бул чечим боюнча сотко даттанарын кошумчалады адвокат.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо