МИНИСТРЛИК 1 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА ПАЙДАСЫЗ КЕЛИШИМ ТҮЗГӨН

№943 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 миллион доллардан ашык суммага мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Башкы прокуратура аталган министрликте текшерүү жүргүзүп, анда мекеменин айрым жооптуу адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын аныктаган.

– 2014-2019-жылдарга карата жүргүзүлгөн текшерүүгө ылайык, консультациялык кызматтарды сатып алууда тийиштүү мониторинг жүргүзүлбөй, бааларды негизсиз жогорулатуу пландаштырылган. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында "D.&T." ЖЧКсы менен 1 миллион 60 миң 730 долларга келишим түзүлүп, анын негизинде аталган ЖЧКга 63 миллион 804 миң 432 сом которулуп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмүндө зыян келтирилген,- деп айтылат маалыматта.

5-декабрда аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-беренеси – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 322-беренеси – билип туруп пайдасыз келишим түзүү менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ишти тергөө органдары иликтөөдө.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо