БИР БҮРКҮМ. АБАКТАРГА 800 ВИДЕОКАМЕРА КОЮЛДУ...

№943 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж

  • 29-декабрда Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
  • Жалал-Абад облусунда 1 аптада 32 мас айдоочу кармалды.
  • Орусияда жасалма айдоочулук күбөлүк менен такси кызматын аркалап жүргөн Кыргыз жараны кармалды.
  • Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январда өтүүчү президенттик шайлоого карата 311 эл аралык байкоочу каттады.
  • АКШ Кыргыз өлкөсүнө 652 миң долларга кезектеги лабораториялык жабдууларды жеткире баштады.
  • 24-декабрда коррупцияга шектелип кармалган “Бишкек башкы архитектура” кызматынын жетекчиси үй камагына чыгарылды.
  • Өлкөдөгү абактарга 800дөн ашык видеокамера орнотулганын 29-декабрда ЖАМКнын төрагасы Аскат Эгембердиев билдирди.
  • Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Шайырбек Бопонов УКМК тарабынан кармалып, 2 айга камакка алынды.
  • Бишкек мэриясы миллион сомдон ашкан ижара акысын төлөбөй жүргөн компанияны сотко берди.
  • 29-декабрга карата Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы нормадан 5 эсе жогору экени аныкталды.
  • Нарында 27 жаштагы жаран Алабуга суусуна түшүп кетип изделүүдө.
  • Москвада 28-декабрда Кыргыз жараны үйдүн чатырында кар тазалап жатып кулап, каза тапты.
  • Казакстан коронавирус пандемиясына байланыштуу чек арадагы чектөөлөрүн күчөтөт.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо