ОКСФОРД УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУМУШТУУЛАРЫ CO2`ни КҮЙҮҮЧҮ МАЙГА АЙЛАНТТЫ

№943 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж

Акыркы убактарда көмүр кычкыл газынын натыйжасында жагымсыз климаттык өзгөрүүлөр болуп, адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Мындай көйгөйлөр бизде эле эмес, өнүккөн өлкөлөрдө да актуалдуу. Ошондуктан айрым өлкөлөр көмүр кычкыл газынын аз бөлүнүп чыгышы үчүн зыянсыз күйүүчү майларды колдонуунун, электр энергиясы менен иштөөчү учактарды ойлоп табуунун аракетинде. Алсак, Англиядагы Оксфорд университетинин изилдөөчүлөрү көмүр кычкыл газынан учактарга куюлуучу реактивдик күйүүчү майды алып, абаны тазартуунун дагы бир жолун ойлоп табышты. Мындай изилдөөнүн жыйынтыгын Nature Communications басылмасы жарыялап, алар жаңы технологиялардын жардамы менен CO2`ден алгачкы бир нече грамм реактивдик май алынганын белгилешкен. Долбоордун жетекчиси Оскар Мейеринк көмүр кычкыл газын күйүүчү майга айлантуучу чоң өнөр жай куруу менен бул системди өнүктүрүп кетүү натыйжалуу болорун белгилеген.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо