ЭКС-ПРЕМЬЕР КУБАТБЕК БОРОНОВ СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ

№945 14-20-январь, 2021-ж.

Мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына (Финпол) суракка чакырылды. 12-январда Боронов коронавирус пандемиясына өлкөнүн начар даярдыгы, анын кесепети боюнча суроолорго жооп берди.

– Пандемия боюнча суроолор, тактай турган жагдайлар бар экен. Күбө катары суралдым. Мындан ары чакырбайт деген үмүттөмүн,- деди экс-чиновник.

Боронов COVID-19 пандемиясы учурунда өкмөттү, илдетке каршы күрөшүү боюнча республикалык штабды жетектеп турган. Коомчулукту «эпидемия учурунда эл аралык каржы уюмдарынан алынган 600 миллион доллардан ашык акча кайда жумшалды?» деген суроонун жообу кызыктырат. Мындан башка да коомчулукта күмөн жараткан маселелер көп. Буга чейин пандемия учурундагы иштери үчүн мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалып, камакка алынган. Ал «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыпталууда. "Мамлекетке 9 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирди" деп күнөөлөнүп жатат.

Кубатбек Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан 5-октябрь окуяларына чейин жетектеп турган.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо