КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙГА КҮНҮНӨ 60 ТОННА ЭТ ЭКСПОРТТОП БАШТАЙБЫ?

№945 14-20-январь, 2021-ж.

Кыргыз өлкөсү Кытай менен макулдашуу түзсө, күнүнө 60 тоннага чейин эт экспорттой алат. Бул тууралуу 12-январда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди. Министр өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча көп маселе чечилиши керек деген пикирде.

– Бизде мал чарбалары көп, бирок өзүбүздү эт менен толук камсыздай албай жатабыз. 14,7 пайыз эт сырттан келип жатат. Айыл чарбаны өнүктүрүүдө эки негизги потенциалды иштетүү планыбыз бар. Бул транзиттик жана ички потенциал. Транзиттик потенциал жөнүндө айта кетсек, сырттан келип жаткан чийки затты кайра иштетип башка өлкөлөргө, ошол эле Кытайга, өнүккөн өлкөлөргө сата тургандай дараметибиз бар. Азыр этти сатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ал жактан этти арзан алып келип, бул жактан иштетип, кайра сатуу пландалууда. Учурда Араб өлкөлөрү менен жумасына 40 тоннадай этти экспорттоо тууралуу макулдашуулар жүрүп жатат. Өзүбүздүн гана ички рынокко басым кылсак, өнүгүү жөнүндө сөз кылып кереги жок. Ошондуктан Кыргыз өлкөсү транзиттик потенциалын иштеп чыгышы керек,- дейт Токтогазиев.

Өлкөдө акыркы айларда эттин баасы кескин кымбаттап, учурда уй жана койдун эти орточо 500 сомду түзүүдө. Баалардын өсүшүн өкмөт малды экспорттоонун күчөшү менен түшүндүрүүдө.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо