БИР БҮРКҮМ. ЖУРНАЛИСТ ӨЗ ӨМҮРҮН КЫЙДЫ...

№945 14-20-январь, 2021-ж.

  • 12-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 650 миллион метр кубду түздү.
  • Буга чейин УКМКнын маалымат катчысы болуп иштеген Рахат Сулайманов 5-каналдын башкы директору болуп дайындалды.
  • Бишкек мэриясы мамлекеттик бала бакчаларды ачуу мөөнөтүн 20-январдан 1-февралга жылдырды.
  • «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасы 1 жарым миллион сомго эки автоунаа сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
  • Ысык-Көлдө облустук телеканалдын журналист кызы өз үйүндө асынып каза тапты.
  • Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерге квалификациялык категорияларын кайрадан ыйгарары айтылды.
  • Финпол: «Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев күнөөсүн моюнга алды».
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги: «Мектептерди кадимки режимде иштөөгө өткөрүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр уланууда».
  • 14-январдан тарта Ош шаарындагы мектептер толук кандуу иштеп баштайт.
  • Бишкекте УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгү менен жүргөн жаран кармалды.
  • 2020-жылы өлкөдө курулуш иштерин жүргүзүүгө 600дөн ашык лицензия берилгени айтылды.
  • ИИМ: «Өлкөдө 2020-жылы 246 автоунаа уурдалган, анын 12си табылган жок».
  • Нефтетрейдерлер ассоциациясы: «Күйүүчү майдын баасы кымбаттайт деген маалымат жалган».
  • Өкмөт өлкөдөн жүгөрү экспорттоого коюлган чектөөнү жойду.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо