СОЦИАЛДЫК БАРАКЧАНЫ КООЗДОО ҮЧҮН 3 ТИРКЕМЕ

№945 14-20-январь, 2021-ж.

Социалдык тармактардан “бизнесиңди онлайн жүргүз” деген жарнамаларды күн сайын эле көрүп жатсаңыз керек. Демек, алдыда онлайн иш жүргүзүү кеңири жайылары турган иш. Андыктан социалдык тармактардагы баракчаңызды кооздоо үчүн, уюлдук аппаратыңызга жүктөп алып жасаганга ылайыктуу, сизге шпаргалка боло турган 3 акысыз тиркемени айтып беребиз.

1.
Алгач эле сүрөттү кайдан табам деп турсаңыз, бул үчүн атайын даяр сүрөттөр, фондор, жадакалса баракчаны пландоого, сүрөткө түшүүгө даяр шпаргалары бар тиркеме бар. Ал – Pinterest. Электрондук почтаңыз же Фейсбук аккаунтуңуз аркылуу катталасыз да, каалаган сүрөттү издеп, социалдык тармактагы баракчаңыз үчүн колдоно берсеңиз болот.

2. Сүрөткө жазуу, Инстаграмдын сторисине, постуна ылайыктап сүрөт жасоо деген сыяктуу нерселерди кантип жасайт деп турсаңыз, бул үчүн эң көп таралган тиркеме – Canva. Буга деле электрондук дарегиңиз, же Фейсбук аккаунтуңуз аркылуу катталасыз да, даяр шаблондордон же өзүңүз сүрөт жасап, жазып, кооздой аласыз. Инстаграмдын лентасына, сторисине, Фейсбукка, Ютубга, деги койчу, дээрлик бардык интернет тармактарын, баннер, карточка жана башкаларды кооздоо үчүн даяр шаблондор бар. Бул тиркеменин акысыз да, акылуу да функциялары бар. Акысыздарын тандап колдоно берсеңиз болот.

3. Инстаграм үчүн кооз сүрөт маанилүү эмеспи. Бул үчүн сүрөттү иштеп чыгуу керек. Муну кантип жасайт деп турасызбы? Буга да даяр Lightroom тиркемеси бар. Тарткан сүрөтүңүздү бул тиркеме аркылуу ачып туруп, “авто” деген иштеп чыгууну тандап койсоңуз болот. Кааласаңыз, өзүңүз каалагандай өзгөртүп, агартып, кыркып, түс берип иштеп чыгыңыз. Бул тиркеменин дагы акы алына турган жана акысыз функциялары бар.

Жогоркуларды компьютер аркылуу да колдонсоңуз болот. Мындан башка дагы көптөгөн тиркемелер бар. Эгер эксперимент кылуудан эринбесеңиз, телефонуңузга жүктөп, баскылап, ылайыктуусун тандап колдоно берсеңиз болот.

Гулийпа Маметосмон кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо