КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ: “БАБАНОВ ЖАЛГАН СҮЙЛӨБӨСҮН!”

№946 21-27-январь, 2021-ж.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 5-октябрдан кийинки окуялар боюнча саясатчы Өмүрбек Бабанов элге жалган маалымат таратып жатат деп чыкты. Ташиев 9-октябрда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы баш аламандыктан кийин Бабанов менен жолукпаганын билдирди.

Бабанов жалган сүйлөп коомчулукту адаштырбасын. Биз алар менен 9-октябрдагы баш аламандыктан кийин жолуккан эмеспиз жана алардын алдында “митингди уюштурган жокпуз” деп актанган эмеспиз. Руслан Казакбаев Бабанов менен 9-октябрга чейин жолукканыбызды тастыктап бере алат. Бабанов Атамбаев (ред.: мурдагы президент) жана башкалар менен бирге элдин бийлигин тартып алуу үчүн аянтка келген. Биз 9-октябрдагы митингде чагымчылдык жасагандар боюнча иликтөө жүргүзүп, жоопко тартабыз,- деп жазды Ташиев өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына.

Буга чейин Бабанов 13-октябрда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен жолукканын, ага Руслан Казакбаев да барганын маектеринин биринде айткан эле.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо