КОРОНАВИРУС: КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ АКШ ЧЫГАРГАН САПАТТУУ ВАКЦИНАДАН БАШ ТАРТТЫ

№946 21-27-январь, 2021-ж.

Кыргыз өлкөсү COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө АКШ чыгарган Pfizer вакцинасынан баш тартты. Себеп – бул вакцинаны сактоого шарттын жоктугу. Бул тууралуу 19-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Министр Pfizer вакцинасы атайын муздаткычтарда сакталышы керектигин, андай техника өлкөдө жок экенин айтат.

– Кыргыз өлкөсү COVAX (глобалдык эмдөө альянсы) программасына кирдик. Анын алкагында 1 миллион 200 доза вакцинаны акысыз алууга келишим түзүлдү. 8 вакцинанын ичинен бизге америкалык Pfizer вакцинасын беришти. Бул америкалык жакшы вакцина. Бирок аны алып келип, элге жеткирип бергенге чейин -70 градус муздаткычта кармап туруш керек. Бизде андай муздаткычтар жок. Дагы сүйлөшөбүз, балким, башка вакцина беришет,- дейт министр.

Маалыматка таянсак, өлкөнүн ири шаарларын жана район борборлорун тийиштүү муздаткычтар менен камсыздоого 2 миллион доллар керек.

Министр COVAX программасына Орусиянын 3 вакцинасы кирбей калганын, ал вакциналарды -2 градустан -20 градуска чейин сактаса болорун айтат. Бейшеналиев өкмөт Орусиядан 500 миң доза вакцина сураганын, 2-3 айдын ичинде алынып келерин кошумчалады. Ал вакциналарды сактоого да муздаткычтар жетишсиз экенин, жаңы сатып алууга Каржы министрлигинен акча суралганы жатканы айтылды.

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсү соңку бир жыл ичинде коронавируска каршы күрөшүүгө деп эл аралык каржы уюмдарынан 600 миллион доллардан ашык суммада жардам алды. Ал акчанын канчасы туура колдонулуп, канчасы бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кирип кеткени белгисиз, отчёт берилген жок. Бүгүнкү реалдуу абал: вакцина сактоого 2 миллион доллар табылбай жатат.

20-январга карата өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы 83 430 адамды түздү. Айыгып чыккандардын саны 79 373.

Республика боюнча илдеттен каза болгондордун саны 1 392 болду.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо