БИР БҮРКҮМ. БАЗАР-КОРГОН ШААРЫ ТҮЗҮЛӨТ...

№946 21-27-январь, 2021-ж.

  • 20-январдан тарта Бишкек-Стамбул-Бишкек авиакаттамы боюнча учактар аптасына 7 жолудан уча баштайт.
  • Өлкөдө 19-январга карата 98 700 жаран жумушсуз катары каттоодо турат.
  • Парламентте Базар-Коргон шаарын түзүү боюнча мыйзам долбоору талкууланууда.
  • 2021-жылдын январына карата элге жаратылыш газынын 1 метр кубу 17 сом 80 тыйындан сатылууда.
  • Кыргызстандын башкы балдар хирургу Талант Өмүрбеков пневмония илдети менен ооруканага түштү.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактардагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин эскертти.
  • Бишкекте милициянын Кайгуул кызматы 1 жылда 2740 кылмыш жана жоруктун бетин ачканы жарыяланды.
  • 18-январга карата Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 358 миллион метр куб суу бар.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги: “Февраль-март айларында коронавирустун үчүнчү толкуну күтүлөт”.
  • БШК мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо алдында турат.
  • 2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө 825 528 даана паспорт даярдалганы айтылды.
  • БШКнын жумушчу тобунун чечимине ылайык, президенттикке талапкер болгон Курсан Асановдун арызы боюнча Ош шаарындагы 3 шайлоо тилкесинде добуштар кайра саналат.
  • Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы жетекчиси Раатбек Эшмамбетов каза болду.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо