ПАНДЕМИЯДА МИНИСТРЛИК 1,5 СОМДУК БАХИЛАНЫ 150 СОМДОН САТЫП АЛГАН

№948 4-10-февраль, 2021-ж.

Пандемия учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинде жеке коргонуу каражаттарын атайын өз баасынан 100 эсе кымбат баада сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

– 2020-жылдын 6-майында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин комиссиясы негизсиз, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды бузуп, жеткирүүчүлөрдүн эң арзан баадагы коммерциялык сунуштарын четке каккандыгы аныкталды. Алар "Ф" ЖЧКсы менен жеке каражаттарды жеткирүү боюнча түздөн-түз келишим түзүүнү сунуш кылышып, медициналык кол каптарды жана бахилаларды жогорулатылган баада алышкан. Коммерциялык сунуштардын шарттарын жана "Ф" ишканасынын келишимин бузуу менен техникалык шарттын талаптарына жооп бербеген 101 миң 300 түгөй кол кап жеткирилген,- деп айтылат маалыматта.

Келишимде каралган 1 сом 50 тыйындык 150 түгөй бахиланын ордуна, иш жүзүндө 1 миң 500 даана бахиланы жогорку баада, бир даанасы 150 сомдон алынгандыгы белгилүү болду. Мындан мамлекет 5 миллион 175 миң 200 сом зыян тарткан. Бул факты боюнча Башкы прокуратура кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча териштирүү жүргүзүүдө.

Өкмөттүн коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүндөгү былык иштердин бети ачылууда. Буга чейин мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган. Ошол кездеги премьер-министр Кубатбек Боронов, экс-вице-премьерлер Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова суракка чакырылды. Коомчулук эпидемияга каршы турууга шалаакы мамиле жасаган чиновниктерди аныктоону, мыйзам алкагында жоопко тартууну талап кылууда.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо