ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН ТӨРТ-ГҮЛ СУУ САКТАГЫЧЫ БОЮНЧА СӨЗҮ ЧУУ ЖАРАТТЫ

№949 11-17-февраль, 2021-ж.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча 3-февралда Жогорку Кеңеште айткан сөзү талкууга түштү. Анда премьер "тилекке каршы каналдын башын алдырыптырбыз" деген.

Эртеси бул маселени депутат Тазабек Икрамов көтөрүп чыгып, Марипов айткан маалыматты тез арада тактап, керек болсо комиссия түзүү керектигин билдирди. Бишкекте болсо айрым жарандар Марипов айткан сөзүнө түшүндүрмө берсин” деген талап менен Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Абал курчуп баратканда өкмөт атайын билдирүү жасады.

Анда Улукбек Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн билдирген. Аталган келишим боюнча тараптардын айрым пикир келишпестиктери орун алган, бул маселе өкмөт башчы тараптан эске алынган” деп айтылат. Талкуу күчөп, бул маселе боюнча Улукбек Марипов өзү да кайрылуу жасоого аргасыз болду.

– Мен анда премьерликке талапкер, Кыргыздын патриоту катары бир маселени айтып коюу ниетим болгон. Муну ошол жерде жашагандар абдан жакшы түшүнүп турат. Сөз Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Кайырма каналы, суу кампадан 500-600 метр жогору турган кошуна өлкөгө тиешелүү канал, андан тышкары Ак-Суу каналы тууралуу болгон. Кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурганга аракет кылышы мүмкүн. Ушул маселени өлкөнүн кызыкчылыгына мыйзамдуу жол менен чечишибиз керек,- деди премьер-министр.

Бул окуя боюнча Тажикстан тарап да үн катты. Аталган өлкөнүн ТИМинин маалыматына таянсак, тажик тарап айтылып жаткан каналдын баш жагы кимге тиешелүү экендиги тактала элек деген пикирде. Тажикстан өкмөтү Кыргыз жетекчилерин чек ара боюнча абайлап сүйлөөгө чакырды.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо