ӨЛКӨДӨ 15 БАЛА КАВАСАКИ СИНДРОМУНА ОКШОШ ДАРТКА КАБЫЛДЫ

№949 11-17-февраль, 2021-ж.

Камчыбек Узакбаев, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору:

– Биздин борборго 28 бала Кавасаки синдромуна окшош ооруга кабылган деп шектелип жаткырылды. Лабораториялык, клиникалык текшерүүлөрдөн кийин алардын 15ине “Кавасаки синдромуна окшош ооруга кабылган” деген диагноз, 13үнө башка диагноздор коюлду. Балдардын арасында убагында коронавирустун симптомдору жок жеңил түрү жана оор түрү менен да, өнөкөт оорулары менен да ооругандар бар. 28 баланын ичинен экөөсүнүн абалы өтө оор. Калгандарыныкы оор жана орточо. Балдардын жашы 2-16 жашка чейинкилер. Аларды биздин борборго өлкө аймактарынан жиберишүүдө. Дарылоо кымбат турат. Анткени оору көптөгөн органдарды сезгентет.

1967-жылы япониялык дарыгер педиатр Томисаку Кавасаки өзүнүн фамилиясынан аталып калган Кавасаки синдромун ачкан. Коронавирустан кийин балдарда пайда болгон синдром Кавасаки синдромуна окшош болгондуктан “Кавасаки синдромуна окшош оору” деп аталат.

ООРУ ТУУРАЛУУ

Кавасаки синдромуна окшош оору – курч кармоочу, калтырап-титирөө менен коштолчу дарт. Маалыматтарга караганда, 2 айлык ымыркайдан тартып 14 жашка чейинкилер ооруйт. Айрым окумуштуулар 16 жашка чейин ооруйт дешет. 2020-жылдагы коронавирус пандемиясы учурунда 6 айда АКШда 100дөй, Францияда 17, Улуу Британияда 100дөй балада ушул дарт катталган. Булардан тышкары Италия, Армения, Испания жана башка өлкөлөрдө да катталган. Кавасаки синдромуна окшош оору коронавирус инфекциясынын фонунда жаралат жана коронавирус менен ооруган айрым балдарды гана тооруйт деген маалыматтар бар.

ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ:

  • Баш ооруйт (көңүл айланат, кускусу келет);
  • Көздүн сезгенип, кызарышы (конъюнктивит);
  • Ооз көңдөйүнүн ичи жана эриндин кызарышы, жарылышы;
  • Тиш бүйлөлөрүндө жаралардын пайда болушу;
  • Лимфоденопатия (ички бездердин сезгенип, чоңоюшу);
  • Дене табынын көтөрүлүшү (39,9 жана андан өйдө);
  • Кол-буттун терисине ачык кызыл темгил жана бүдүрчөлөрдүн чыгышы;
  • Муун, булчуңдардын оорушу.



ООРУ ӨТҮШҮП КЕТСЕ:

  • Ашказан-ичеги, уйку бези, өт баштыкчасы сезгенет, жабыркайт. Башкача айтканда, ич ооруйт (аппендикс сезгенгендей оору), ич өтөт, панкреатит, холецистит жаралат.
  • Өпкө жабыркайт (пневмония, плеврит).
  • Нерв системи жабыркайт (нервдердин ашыкча дүүлүгүүсү, асептикалык менингит).
  • Жүрөк-кан тамыр системи жабыркайт (миокардит, перикардит, миокарддын инфаркты).
  • Синдромдун айынан жүрөктүн коронардык артериясында же башка кан тамырда кан уюп калса, кан тамыр жарылып, каза болуп калуу коркунучу күтүлөт.


Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
16.02.2021. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай өзүң колдочу наристелерибизди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо