Жогорку Сот: "БИШКЕК ЖЭБин ЖАҢЫЛОО БОЮНЧА ИШ КАЙРА КАРАЛБАЙТ"

№952 4-10-март, 2021-ж.

Жогорку Сот 2-мартта Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ишти кайра кароодон баш тартты. Тагыраагы, соттолуучулардын адвокаттарынын “иш кайрадан каралсын” деген арызы канааттандырылган жок.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча бир топ чиновник жазага тартылган. Мисалы, Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечимине ылайык, Сапар Исаков 15 жылга, мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев 7 жарым жылга, “Улуттук энергетикалык холдингдин” мурдагы башчысы Айбек Калиев 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы каржы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып пул төлөтүү чечими чыгарылган. Дагы 2 экс-чиновник ар бири 2 жарым жылга соттолуп, жаза мөөнөтү өттү деп сот залынан бошотулушкан.

Бишкек шаардык соту Айбек Калиевдин жаза мөөнөтүн 1 жылга кыскарткан. Ал эми Исаков, Сатыбалдиев жана башкалар боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, ага кошумча аларды 5 миллиард сомдон ашык айып пул төлөөгө милдеттендирген чечим чыгарган.

Жогорку Сот 2020-жылы жайында Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Соттолгондордун айрымдары былтыр октябрь окуяларында абактан бошотулуп, Сапар Исаков өлкөдөн сыртка чыгып кеткен.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо