БИР БҮРКҮМ. 1 АЙДА 727 ЗОМБУЛУК КАТТАЛДЫ...

№952 4-10-март, 2021-ж.

  • Парламент депутаты Алиярбек Абжалиевге карата “мыйзамсыз баюу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталганын УКМК билдирди.
  • Кримтөбөл Камчы Көлбаев өлкөдөн сыртка чыкпоо тил катынын негизинде эркиндикке чыгарылды.
  • Үстүбүздөгү жылдын январь айында өлкөдө 727 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын ИИМ билдирди.
  • Башкы прокуратура: “Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун 1-толкунунда өлкөгө 3 миллион сом зыян келтирген”.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 55 жаш курагында дүйнө салды.
  • Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылы күзүндө өтөрүн президент Садыр Жапаров маектеринин биринде айтты.
  • 28-февралда Ош шаарында Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүп, ага 10 миңден ашык жаран катышты.
  • Акылбек Кемелов Жогорку Кеңештин депутаты болуп бекитилди.
  • Жалал-Абад облусунда жакында “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилет.
  • 2020-жылы өлкөдө вирустук гепатиттин “В” жана “С” түрүнө 4805 адам чалдыкканы расмий маалымдалды.
  • Мамлекеттик салык кызматы: “Эки айда 5 миллиард 600 миллион сом камсыздандыруу төгүмү жыйналды”.
  • 3-мартта өлкөдө Мамлекеттик туу күнү белгиленди.
  • Ош шаарында ишкерди коркутуп 28 миң доллар талап кылган 2 жаран кармалды.
  • Шаардык кеңештерге 59 партия ат салышат.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо