№416 22-28-октябрь, 2010-жыл.
Памперс – энелер үчүн ыңгайлуу буюм. Түндө туруп баланын алдын улам кургактабайсың, бир жакка чыкканда да жалаяктарды додо кылып алып жүрбөйсүң. Бирок ошол оңой колдонулуучу буюмдун зыяны жокпу? Ушул тууралуу сөз козгойлу.
ПАМПЕРСТИ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Оң жактары:
Терс жактары:
САПАТСЫЗ ПАМПЕРСТЕН АБАЙЛАҢЫЗ!
Сапатсыз памперс начар кийим сыяктуу эле аллергияга алып келет. Алтургай жыныстык мүчөлөрдү сезгентип, ооруга чалдыктырышы да толук мүмкүн. Андыктан көчөдө арзан сатылган памперсти албаган оң. Памперсти дарыканалардан маркаларына карап, сертификатын сурап, анан сатып алуу зарыл.
Арзан памперстер заараны жакшы сиңирбей, сапатсыз материалы абаны өткөрбөй, денени кысат. Мындан тышкары терини дүүлүктүрүп, кычыштырат. Арзандарынын көбү калың болуп, бала жөрмөлөгөндө, басканда, ойногондо тоскоол болуп жүдөтүп, чүнчүтөт.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Памперстин зыяндуу жактары аны күн-түндөп колдонууда, сапаты начарларын пайдаланууда экендигин билдиңиз окшойт. Демек, памперсти чеги менен сапаттуусун колдонсо, зыяны жок.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |