СЛИНГ МЕНЕН «КЕНГУРУНУ» ТУУРА КОЛДОНУУНУ БИЛЕСИЗБИ?

№416 22-28-октябрь, 2010-жыл.

Бул тууралуу ата-энелер тынчсызданып, врачтар талашып-тартышышат. Кеп баланы алып жүрүүдө колдонулуучу сумка-слинг жана “кенгуру” тууралуу болууда. Экөөнүн кайсынысы жакшы? Мүмкүн, экөөнүн тең терс жактары болуп жүрбөсүн?

СЛИНГ
Слингди колдонуучу энелер (жоолукка же шарфка баласын таңып көтөрүп жүргөн америкалык индейлер сымал) кийинки кезде көбөйүүдө. Алар жаңы туулган баланын керебетте жалгыз калбаганын, ошол эле кезде эки колдун бош болушун баалашат. Баланы атайын жоолук (шарф) менен таңып алып сейилдөөгө, үйдө жумуш кылууга, алтургай басып жүрүп эле баланы эмизүүгө болот.
Бирок ушул ыңгайлуу көрүнгөн слинг тууралуу талаш-тартыштар бар.

  • Британиянын врачтары “слинг баланы тумчуктуруп коюшу мүмкүн” дешүүдө. Анткени ымыркай сумкада оозу менен мурдун кокустан мата жаап кала тургандай абалда жатат. Ал эми жаңы туулган баланын булчуңдары абдан эле алсыз болгондуктан, оозу менен мурду жабылып калган учурда өзүнчө бошонуп кете албайт.
  • Слингдер сумка сыяктуу да чыгарылат. Америкалык врачтар “сумка-слингде бала түйүлдүк кезиндегидей абалда жатат. Бирок бул учурда баланын ээги көкүрөгүнө тийип, баланы эркин дем алдыра койбойт. Анын үстүнө туура эмес кыймылдап, баланы слингден түшүрүп алууга да мүмкүн. Андыктан туулганына 16 апта боло элек баланы сумка-слингге салып жүрүүгө болбойт” дешет.
  • Орусиялык педиатрлар жогоруда айтылгандарды жана өздөрүнүн байкоолорун таразалап: “Слинг балага да, энеге да ыңгайлуу. Бала анда түйүлдүк кезиндегидей жатып, анчалык кыйналбайт. Бирок сумкада баланы узакка алып жүрбөө керек. Эгер эне баланы слингге туура жаткырып, олдоксон кыймылдабаса жана баланын абалын улам байкап турса, анда коркунуч жок. Түшүп да калбайт. Болгону, слингди бала туулгандан 6-7 апта өткөндөн тартып колдонсо болот. Ал эми чоңоюп калган тынчы жок энергиялуу балдарды алып жүрүү кооптуу, анткени алар кыймылдай да, ойдолоктой да берип түшүп калуулары мүмкүн ”,- деп жыйынтык чыгарышат.

“КЕНГУРУ” РЮКЗАГЫ
“Кенгурулардын” түрү көп. Алып айтсак, кичинекей ымыркайлар жана басып, чуркап калгандарга чейин. Эң чакан “кенгуру” 2 аптага, кийинкиси 4 аптага толгондон тартып салып жүрүүгө ыңгайлашкан. Буларда баланы жаткырып алып жүрүүгө болот. Мында баланын омурткасына күч келбейт.
Окумуштуулардын айтканына караганда, 4 айга чейинки балдарды отургузуп алып жүрүүчү “кенгуруда” көтөрүүгө болбойт. Анткени алардын ката элек омурткасына күч түшүп, кыйшык болуп калуусуна, ушундан улам ички органдарына залака келүүсүнө коркунуч чоң.
“Кенгуру” рюкзагынын баланы салып көтөрүп жүргөндө анын омурткасына күч келтирбей турган сапаттуулары бар. Буларда баланын денеси жана омурткасы туура кармалат (рюкзактын атайын материалдардан жакшы жасалган бекем капталдары, арткы жөлөнгүчү жана отура турган жери баланын салмагын жамбашка, омурткаларга тегиз бөлүштүрөт). Рюкзактын боолору жана бел туштан курчоочу куру да жазы. Күндөн, шамал менен жаандан калкалоочу капюшону да бар.
“Кенгурунун” сапатсызында баланын салмагы акыркы омурткага жана жука чурайга түшөт (“кенгурунун” капталдары, арткы жөлөнгүчү жана отура турган жерине атайын материал колдонулбай жана жакшы жасалбагандыктан, салмак жамбашка тең бөлүнбөйт). Андыктан баланын акыркы омурткасына, алаасына күч келет. Алаасы кечке өйкөлүп жүргөндүктөн, баланын жыныстык органдарына зыянын тийгизет. Ал эми күч келгенден улам омуртка кыйшая баштап, ички органдарга зарп кетет.
“Кенгурулардын” бала энесин жана сыртты (көчөнү) карап отура турган түрлөрү да бар.
Эске алчу нерсе, бала көчөнү карап отурганда психикасына күч келет. Анткени ага көптөгөн элди, кыжы-кужу болгон автоунааларды, кызыл-тазыл өңдөрдү көрүүгө туура келет. Башкача айтканда, бала узакка телевизордун же компьютердин маңдайында отургандай болот. Булардан улам бала бат чарчайт. Убагында уктай албай, тамакты да жакшы ичпей, кежир, ыйлаак болуп чыга келет. Андыктан бала энесин карап отурганы жакшы. Болгону, мындай “кенгуруларды” короого чыкканда, эл аз жерде сейилдегенде колдонсо жакшы.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
27.10.2010. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zahotela stat mamoi
24.12.2010. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kenguru en jakshy,men da jakynda koldonom.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо