Президенттик аппарат: «САДЫР ЖАПАРОВДУН АТЫН ЖАМЫНГАНДАРГА ЧАРА КӨРҮҮ КЕРЕК»

№953 11-17-март. 2021-ж

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек айрым адамдар Садыр Жапаровдун колдоосу астында иш кылары тууралуу интернет желесине тарап жаткан билдирүүлөргө комментарий берди.

– Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында иш алып барган делген адамдардан бир топ билдирүүлөр пайда болду. Бул адамдардын аттары ар кандай жаңжалдар менен чыр-чатактарда аралашып жүрөт. Буга байланыштуу Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгү маалында эле "өз" жана "жат" деп бөлбөстүгүн билдиргенин эске салгым келет. Эч кимге эч кандай колдоо болбойт. С.Жапаровдун мындай позициясы азыр дагы өзгөргөн жок,- дейт басма сөз катчы.

Ошондой эле президенттин аты менен макамына жамынган айрым жарандар өз аракеттери үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек экенин айтат.

– Мен бардык Кыргыз жарандарын президенттин атын жана макамын жаманатты кылган мындай адамдарга ишенбөөгө эле эмес, мындай окуялар тууралуу укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүүгө чакырам. Бул нерсе мамлекеттик башка жогорку кызматтагылардын жана саясатчылардын колдоосуна жамынып жүргөндөрдүн баарына тиешелүү,- дейт басма сөз катчы.

Эскерте кетсек, президенттик аппараттын мындай комментарийи жакында УКМК тарабынан кармалган экс-муфтий Максатбек Токтомушев менен президент Садыр Жапаровдун ортосунда жеке кызыкчылыктар бар деген мааниде интернетте тарап жаткан билдирүүлөргө жооп катары берилди.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо