Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү жарандык паспорттор ушул жылдын 1-майынан тарта бериле баштаарын жарыялады.
-
Бакыт Нарбеков Талас облусунун жетекчиси болуп дайындалды.
-
11-марттан тарта өлкөдө район акимдерин, алардын орун басарларын аттестациялоо башталат.
-
10-мартта Бишкекке Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий иш сапары менен келди.
-
Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта расмий иш сапары менен Өзбекстанда болот.
-
Өлкөдө “Айыл чарбасын каржылоо-9” долбоору боюнча 372 миллион сом бөлүнгөнү 10-мартта маалымдалды.
-
Райымбек Матраимовго жакынкы күндөрү операция жасалары айтылды.
-
2021-жылдын 1-февралына карата өлкөдө мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны 456 500 адамды түздү.
-
Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн бирине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин агасы Каныбек Ташиевдин ысымын берүү сунушталды.
-
Эркин Тентишев Чүй облусунун башчысы болуп дайындалды.
-
10-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 246 миллион метр кубду түздү.
-
Замирбек Надырбеков Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
-
УКМК жетекчилигинин атын жамынып 180 миң доллар пара алган 2 жаран кармалганы маалымдалды.