№954 18-24-март. 2021-ж

  1. ЖАЗГЫ МОДА – 2021

  2. Кийим тандаганда кездемесине, өңүнө, фасонуна жана кийимге ылайык келген аксессуарларга басым жасалат. 2021-жылдын жазында кандай кийимдер актуалдуу болуп жатканын билгиңиз келсе, дизайнер жана стилист Арзубек Вонаманын кеңешин сунуштайбыз.

  3. ПЛАЩ, ПИДЖАК

  4. 2021-жылдын жазгы тенденциясы – “90-жылдарга кайтуу”. Плащтардан эки борттуу оверсайз тренч түрү модада. Кочкул жашыл, кочкул күрөң жана кызгылт сары өңдөрүн тандасаңыз саркечтикке туура келет. Пиджактарга кур тагынуу дагы модада.

  5. ШЫМ

  6. Бул жазда эң эле актуалдуу болгон шымдар – палаццо, кюлот моделиндеги жана кенен шымдар. Табитиңизге жараша рубашка, футболка менен кийсеңиз болот. Ал эми бутка туфли, ботос кийүү сунушталат. Жынсы, плащевка, хамелеон (өңдөрү кубулуп турган) кездемелерден тигилгендери актуалдуу.

  7. КӨЙНӨК

  8. Кең жакалуу, ачык түстөгү көйнөктөр жана ийиндери фонарик формасында тигилген жеңдүү көйнөктөрдү тандаган кыздар саркечтердин катарын толукташат. Көйнөктөрдү тандоодо пахта, штапель, шифон жана тор (сетка) түрүндөгү кездемелерден тигилгенине басым жасоону дизайнер сунуштайт. Өңдөрү каалагандай болсо боло берет.

  9. ЮБКА

  10. Тизеден бир аз ылдый, кызыл ашыкка чейинки узундуктагы, анын ичинде миди юбкалар актуалдуу болот. Алды ачык бир өңдүү миди юбкалар дагы трендде.

  11. БУТ КИЙИМДЕР

  12. Cпорттук бут кийимден таманы калың, бир өңдөгүсүн тандаңыз. Туфлилерден алтын, күмүш түстүүлөр саркеч келет, такасы бийик же жапыз болсо боло берет.

  13. АКСЕССУАРЛАР

  14. Сумка: классикалык, ошондой эле чынжырлуу, кабылып тигилгендей, винтаж моделиндеги чоң жана орто көлөмдөгү сумкала

  15. Көз айнек: 80-90-жылдардагы ретро стилиндеги көз айнектер

  16. Моюн орогуч: мончогу жок жука тор жана шифон кездемелерден тигилген жоолуктар, моюн орогучтар.

  17. Сөйкө: геометриялык ар түрдүү түзүлүштөгү алтын, күмүш түстүү сөйкөлөр.

  18. Шуру: көлөмдүү чынжырчалар жана шурулар, ири кулондор.

  19. Материалды даярдоодо көмөктөшкөн lookstore_karavan, viviblansh, bijou_maniya.caravan жана Караван С2 дүкөндөрүнө ыраазычылык билдиребиз.

  20. Гүлдана Мамадали кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо