БӨЛМӨ ГҮЛДӨРҮНӨ ЖЕР СЕМИРТКИЧ ЖАСАЙБЫЗ

№954 18-24-март. 2021-ж

Өткөн санда бөлмө гүлдөрүн кыркып, которуп, сугарганбыз. Бул жолу аларга жер семирткичти колдо бар нерселерден жасап алуу тууралуу кеңештерди интернет барактарындагы ишенимдүү булактардан топтоп чыктык.

Кумшекер – Кумшекердин курамындагы глюкоза гүлдүн дем алуусу, азык-заттардын сиңиши үчүн энергия булагы болуп берет. Мындан тышкары глюкоза татаал органикалык молекулалардын пайда болушун шарттайт. Бир литр сууга бир аш кашык шекер салып, караңгы жерге 1 күн коё турасыз да, айына 2-3 жолу гана гүлдөрүңүздү сугарасыз. Буга кошумча Байкал ЭМ-1 микробиологиялык жер семирткичин колдонсоңуз пайдасы көбүрөөк болот.

Банандын кабыгы – аны кургатып, майдалап, ал порошоктон бир стакан сууга бир чай кашык кошуп, жумасына бир жолу гулдөрүңүздү сугарсаңыз болот. Же болбосо майдалап, кургатып отурбастан, бүтүн бойдон эле кабыгын сууга чылап коюп, жумасына бир жолу сугарыңыз. Ошондой эле аны гүлдү отургузуу, которуу учурунда топурагына аралаштырып жиберсе да пайдалуу. Анын курамындагы калий гүлүңүз өз убагында гүлдөшүн шарттап, жакшы экологиялык кошулма болуп берет.

Жуулган күрүчтүн суусу – күрүчтү жууп эле суусун төгүп салчу белеңиз? Эми биле жүрүңүз, күрүч жуулгандан кийинки суу бөлмө гүлдөрүнө жакшы азыктандыргыч. Алардын гүлдөшүнө, гүлдөп көпкө сакталышына жардам берет.

Сүт – бир чай кашык сүттү 1 литр сууга аралаштырып, бөлмө гүлдөрүңүздү сугарсаңыз, зыянкечтерден жана оорудан сактоого жардам берет.

Газдалган суу – муну айына 1-2 жолу колдонуңуз. Гүлдүн топурагынын үстү агарып калган учурда жакшы жардамчы.

Аспирин – кадимки дарыканаларда сатылган аспирин дарысынын 1 таблеткасын 1 литр сууга эзип, гүлдөргө чачып турсаңыз, бөлмө гүлдөрү иммунитетин жакшы кармайт.

Гулийпа Маметосмон кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
22.03.2021. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернет деген создо катачылык кетип калганго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо