ЖАЛБЫЗ ЧАЙЫ СТРЕССТЕН АРЫЛТАТ

№955 25-31-март. 2021-ж

Жалбыздын курамында витаминдерден C, K, B1, P, B2, B5 жана микроэлементтерден калий, кальций, магний, натрий, кычкылдардан миристин, стеарин, олеин, линол жана башкалар бар. Эң башкысы, ага өзгөчө даам жана сергитүүчү касиет берип туруучу ментолдун бардыгы.

ДАРЫЛЫК КАСИЕТТЕРИ

Стресстен арылтат. Азыркы замандагы адамдар психологиялык маселелерге (стресс, депрессия, невроз) көп жолугат. Жалбыз чайы болсо нервдик чыңалууну жазып, тынчтандыруучу касиетке ээ.

Ысыкта муздак чайын ичсе адам сергийт.

Иммунитетти чыңдайт. Сасык тумоодо, суук тийгенде бал кошуп ичсе тамактын былжыр кабыкчаларындагы сезгенүүнү кетирип, дем алууну жеңилдетет.

Оорутууну азайтат. Кан басымды калыптандырып, кан тамырдын иштешин жакшыртат. Шакыйы барларга эң жакшы суусундук.

Тамак-аштын сиңишин жакшыртат. Кара же көк чай кошулган жалбыз чайы тамак-аштын сиңишин жакшыртып, организмдеги уулардын чыгышын шарттайт.

Арыктоого жардамчы. Тамакка болгон табитти төмөндөтө тургандыктан, диета кармоодо ичилет.

Гормондордун иштелип чыгышын шарттайт. Ментол ургаачы гормондордун иштелип чыгышына түрткү берет. Күнүгө 1-2 чыны чай ичип туруу этек кирдин келүүсүн калыптандырат.

Кандагы глюкозанын деңгээлин төмөндөтөт.

Ооздогу жаман жытты кетирет.

Эскертүү: каалоочулар чайга имбирь, бал кошуп ичсе да болот.

БОЛБОЙТ!

  • Гипотонияда (төмөнкү кан басым) ичүүгө болбойт. Кан басымды ого бетер түшүрүп жиберет.
  • Эфир майы жана жаңы үзүлгөн жалбырагы айрымдарда аллергияны жаратуусу мүмкүн.
  • Кант диабети, гастрит, жогорку кан басым оорусу барлар оорусуна байланыштуу ичилүүчү дарылары менен катар жалбыз чайын ичпеши керек. Чайдын курамындагылар дарынын курамындагылар менен реакцияга кирип, ооруну курчутат. Ич өткөктө да ичүү сунушталбайт.
  • Кош бойлуулар врачтар уруксат берсе гана ичүүлөрү керек.

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
29.03.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аптекадан эмне дер сураш керек? Жалбыз десе тушунушобу?
29.03.2021. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aliza_96,орусча мята. Маркеттерден свежий мЯта алып чайга кошуп демдеп ичсеңиз болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо