№955 25-31-март. 2021-ж
"Жакынкы он жылдыкта жалпы адамзат олуттуу суу тартыштыгы көйгөйүнө туш келет". Талкуу жараткан мындай божомол ЮНЕСКО уюму тарабынан жарыяланды.
Эксперттер 2030-жылы суу тартыштыгы 40 пайызга чейин өсөт деп жатышат. СOVID-19 пандемиясынан келип чыккан дүйнөлүк кризис, суу тартыштыгы жаралчу күн жакындап жатканын ачыктады дешет адистер. Расмий маалыматка таянсак, учурда Жер шарында таза сууга жетпеген 2 миллиарддан ашык адам бар. Суу ресурстарын сактоого жетиштүү аракет жасалбай жатканы айтылат уюмдун маалыматында.
– Мындай кырдаалдын кесепетин алдын ала айтыш кыйын. Суу тартыштыгы кризиси сөзсүз түрдө адам жашоосунун бардык тармагына таасирин тийгизет: элдин аргасыз жер которушунан тарта балдардын өлүмүнүн өсүшүнө, жетишсиз тамактанууга чейин,- дешет авторлор.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |