№955 25-31-март. 2021-ж
Ташкент-Ысык-Көл темир жол каттамын калыбына келтирүү пландалууда. Бул маселе 16-17-мартта Ташкентте эки өлкөнүн темир жол мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусунда көтөрүлгөнү айтылды.
– Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кытай-Өзбек темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу жана Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент каттамы боюнча жүргүнчү ташуучу поездди калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент маршруту боюнча жүргүнчү ташуучу поездди ушул жылдын май айынан баштап беш айлык мөөнөткө дайындоо жөнүндө макулдашылды. Жыйынтыгында эки тарап протоколдорго кол коюшту,- деп айтылат маалыматта.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |