Өлкөдө 1 жылда ундун баасы 13 пайызга кымбаттады дейт Улуттук статистика комитети.
-
Экс-вице-спикер Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды.
-
Кыз ала качкан 3 жигитке Бишкектин Биринчи Май райондук соту 220 миң сом айып пул салды.
-
Өлкөдө муфтий шайлоонун мөөнөтү жылдырылып, ушул жылдын 29-майына белгиленди.
-
“Коопсуз шаар” системи 2 жыл ичинде өлкөдө 2 миллион 239 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысын каттады.
-
Эрлис Тердикбаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси болуп дайындалды.
-
БШК Өмүрбек Текебаевдин ордуна Шералы Абдылдаевди парламент депутаты кылып бекитти.
-
Депутат Сайдулла Нышанов парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери болуп шайланды.
-
УКМК: “Кылмышка шектүү ишкер Жалил Атамбаев мамлекетке келтирилген 100 миллион сомдук зыяндын ордун толугу менен төлөп берди”.
-
28-мартка караган түнү Бишкекте Гапар Айтиев атындагы музейге уурулукка кирген чет өлкөлүк жаран кармалганын ИИМден маалымдашты.
-
1991-жылдан ушул күнгө чейин Кыргыз жеринде 114 саламаттыкты сактоо, 45 билим берүү мекемеси менчиктештирилгени 29-мартта парламентте айтылды.
-
Бишкектин Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кызматтан бошотулуп, ордуна Мелис Өскөмбаев дайындалды.