БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ШАЙЛОО: КЭДП ЖАРЫШТАН ЧЕТТЕТИЛДИ

№959 22-28-апрель, 2021-ж.

11-апрелде Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо алдыга озуп чыккан 3 партиянын бири КЭДП жарыштан четтетилди. Мындай чечимди 19-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алып, себебин 2 материалдан улам деп түшүндүрдү. Маалыматка таянсак, комиссияга УКМК жана ИИМден эки материал келип түшкөн. Алар: "Шайлоо тилкелеринин биринин жанында унаа багажында акча жүрөт" деп тартылып интернетке жарыяланган тасма, экинчиси – талапкер тарабынан добуш сатып алуу окуясы боюнча материал деп айтылды.

КЭДП мындай чечимге макул эмес, чечимди БШК аркылуу жокко чыгартууга аракет кылууда. Партиянын лидери жана талапкери Илим Карыпбеков КЭДПны жарыштан четтетүүгө айрым саясий күчтөр кызыкдар деген пикирде.

– Маселени БШКда дыкат карап чыгыш керек. Биздин партияга добуш берген 15 миң адамдын көз карашын да эске алуу зарыл,- дешет партия мүчөлөрү.

Айта кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешине жарышта 6 партия алдыга чыккан. Алар: “Эмгек”, “Ак бата”, КЭДП, “Ата Журт Кыргызстан”, “Ынтымак” жана “Биздин эл” партиялары. Эгер КЭДП шайлоодон четтетилсе, ага берилчү мандаттарды калган партиялар бөлүшүп алышат.

Жарышта 2-орунда келе жаткан “Ак бата” партиясынын лидери Нариман Түлеев “Эмгек” партиясы да жарыштан четтетилиши керек деп билдирүү жасап, ал партияны “жеңишке таза жеткен жок” деп айыптады. Түлеев Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо өткөрүү керек деп жатат.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо