Садыр Жапаров: “МЕНИ АЯГЫНА ЧЕЙИН КОЛДОП БЕРГИЛЕ, СИЛЕРДИ УЯТ КЫЛБАЙМ”

№960 29-апрель-5-май, 2021-ж.

Президент Садыр Жапаров элди азыркы бийликтен үмүт үзбөөгө чакырды. 27-апрелде “Пирамида” телеканалына берген маегинде Жапаров президенттик шайлоодо элдин 80 пайызынын колдоосу менен бийликке келгенин эскертти.

– Элибиздин 80 пайызы колдоп мени президент кылышты. Оор мезгилде экономикасы эңшерилген өлкөнү колума тапшырды. Айтарым, мага ишенген жаныңар аягына чейин ишенгиле. Мага ишенип добуш берген бир дагы адамды жер каратпайм. 5 жылбы же 10 жылдан кийинби, бирөөңөрдүн да жүзүңөрдү жер каратпайм. Экономикадабы, чек ара маселелери боюнчабы, кандай чечим кабыл алып жатсак, баары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн. Жеке кызыкчылыгым үчүн бир дагы нерсе жасабайм. Убада кылгандай, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм. Мени колдогонго жараша аягына чейин колдоп бергиле. Мен дагы артымда эл турганын сезип, оппозициядан коркпой алдыга ишенимдүү кадам таштап реформа жасайын. Өлкөнү тазалап, экономиканы көтөрөйүн,- деди президент.

Президент учурда кызуу талкуу жаратып жаткан электр энергиясынын тарифин өзгөртүү боюнча да пикирин айтты.

– Эгер азыркы саясатты өзгөртпөй кете бере турган болсок, келерки жылы Токтогул суу сактагычы иштебей калат, токтойт. Кыргызстан энергетикасыз калат. Анда баягы тезек термей, чырак жакмай деген жашоого кептелебиз. Ошондуктан тарифтерди өзгөртүп, өзгөрткөндө да элдин жашоо шартын карап категорияларды киргизели деп жатабыз. Карандай чай ичип отурган үй-бүлө менен байлар бирдей акча төлөбөшү керек,- деди президент.

Айта кетсек, жаңы сунушталган тарифтер боюнча электр жарыгы үчүн абоненттер жашоо шартына жараша 3 категорияга бөлүнгөнү жатат. Жакыр жашагандар, орто катмар жана байлар деген түшүнүк киргизилет. Электр жарыгынын 1 киловатт-сааты үчүн эң төмөнү 74 тыйын, эң кымбаты 2 сом 29 тыйындык тарифтер коюлат.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо