БЕНЗИН ДАГЫ КЫМБАТТАЙБЫ? ОРУСИЯ БЕНЗИН ЭКСПОРТТООНУ ЧЕКТЕШИ МҮМКҮН

№962 13-19-май, 2021-ж.

Орусия мунайзаттарды экспорттоону 3 айга чектөөнү пландоодо. Бул тууралуу аталган өлкөнүн энергетика министри Николай Шульгинов орусиялык ЖМКларга билдирди. Тийиштүү токтомдун долбоору жакынкы күндөрү Орусия өкмөтүндө каралганы жатат. Бул чектөө зарыл болгон учурларда киргизилиши күтүлөт. Орус тарап мындай кадамды “күйүүчү майларга баанын көтөрүлүп кетпеши үчүн” деп түшүндүрүүдө.

Буга чейин Орусиянын Энергетика министрлиги Орусиянын ички рыногу үчүн абдан зарыл деп эсептелген товарлардын тизмесине түзөтүү киргизүү жөнүндө токтомдун долбоорун жарыялаган. Анда айрым товарларды зарыл болгон учурда экспортко чыгарбай же чектөө сунушталган. Андай чектөөгө 13 мунай продукциясы кирген, тизмеде бензиндин АИ-80, 92, 95 жана 98 үлгүлөрү бар.

Мындай кабар Кыргыз өлкөсүндө бензиндин баасы дагы кымбатташы мүмкүн деген тынчсызданууну жаратты. Кыргызстан күйүүчү майдын 90 пайызын Орусиядан ташыйт. Акыркы жарым жылда өлкөдө бензиндин баалары кескин өстү. Мисалы, 2020-жылдын күз айларында Бишкекте АИ-92 бензини 30 сомдун тегерегинде болсо, учурда 49 сомдон сатылып жатат. Аймактарда баалар мындан кымбат.


Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо