ТОЙ-АШТАГЫ ЫСЫРАПКОРЧУЛУККА ТЫЮУ САЛЧУ МЫЙЗАМ КАЙРАДАН СУНУШТАЛДЫ

№962 13-19-май, 2021-ж.

Той-аштардагы ысырапкорчулукту мыйзам аркылуу чектөө демилгеси кайра көтөрүлдү. Бул жаатта Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке таянсак, үй-бүлөлүк салтанаттарга 100дөн ашпаган, ал эми үлпөт тойго 200дөн ашпаган конок чакыруу сунушталууда. Салтанат бир күндө өтүп бүтүшү керек, үлпөт тойдун кортежинде унаалардын саны 3төн ашпашы шарт.

Маркумду акыркы сапарга узатууга катышчу адамдардын саны чектелбейт, бирок бодо мал же жылкы союуга тыюу салынат. Жетилик, кырктык өңдүү жөрөлгөлөргө 100дөн ашпаган адам чакырылып, бодо мал же жылкы союлбашы кажет. Ажылык зыяратка узатуу жана тосуп алуу иш-чаралары үй-бүлөнүн тегерегинде гана болот.

Үлпөт той, салтанаттарды дем алыш күндөрү саат 8:00дөн 23:00гө чейин, иш күндөрү 18:00дөн 22:00гө чейин өткөрүү сунушталат. Министрлер кабинети бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөчү атайын органды аныктайт. Мыйзамды бузган жеке жарандарга 17,5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып салуу жагы каралууда.

Айта кетсек, мындай демилге мурда да көтөрүлгөн. Бирок “жарандардын эркиндигин чектейт” деп колдоо тапкан эмес. 2016-жылы ал кездеги депутат Аида Салянова чиновниктердин шаан-шөкөттөрүн тескей турган мыйзам долбоорун сунуштап, демилге парламентте колдоо таппай калган. Ал долбоордо да той-аштарда бодо мал сойбоо, үлпөт тойдун кортежиндеги унаалардын санын төрттөн ашырбоо өңдүү талаптар бар болчу. Бул ирет демилге колдоо табабы?


Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо