КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН ИНИСИ БОЮНЧА СОТ ӨКҮМҮ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

№962 13-19-май, 2021-ж.

Жогорку Сот мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевге карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу 11-майда Жогорку Соттон билди­ришти.

Каныбек Бакиевге карата буга чейин Жалал-Абад шаардык сотунун жана облустук соттун өкүмдөрү жокко чыгарылды. Кылмыш иши толук иликтенбеген деп иштин материалдары кайра кароого жиберилди.

Жактоочунун Бакиевди толук актоо боюнча өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Каныбек Бакиев катышкан кылмыш иши тууралуу соттордун чечими боюнча келип чыккан суроолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилгенине байланыштуу ишти жаңыдан кароого жөнөткөн. Иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө тийиштүү баа берилген эмес,- деп айтылат маалыматта.


Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо