БИШКЕКТЕ ЖҮРГҮНЧҮ ТАШЫГАН АЙДООЧУЛАР КАЙРАДАН ИШ ТАШТАШТЫ

№965 3-9-июнь, 2021-ж.

2-июнда Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобус айдоочулары массалык түрдө иш ташташты. Себеп – жол кирени көтөрүү талабынын орундалбай жатышы. Эртең менен миңдеген жарандар жумуштарына өз убагында жете албай калышты. Жеке таксилер учурдан пайдаланып, акча иштеп калуу үчүн тарифти кымбаттатып жиберишкенин айтып даттанган жарандар да көп болду. Маселе парламент жыйынында көтөрүлдү. Депутат Марлен Маматалиев жүргүнчү ташуу менен алектенген саналуу фирмалардын кызыкчылыгы үчүн жалпы эл жапа чекпеши керектигин айтып чыкты.

– Жыл сайын коомдук транспорт боюнча көйгөй жаралат. Бүгүн дагы маршруттук таксилердин айдоочулары эмес, алардын ээлери, 5-6 киши баш аламандык уюштуруп жатышат. Мэрия менен маселени чечишип албайбы? Элде эмне күнөө? Ар жылы ушундай болуп жатат. Буга биз кийлигишпесек болбой калды. Протоколдук тапшырма берип, карайлы. Автобустарды алып келип, маршруттук таксилердин лизенцияларын алып салуу керек,- деди депутат.

Эскерте кетсек, Бишкекте кичи автобус айдоочулары үстүбүздөгү жылдын январында да иш ташташкан. Мэрия жол кирени көтөрүү маселеси Бишкек шаардык кеңешинин жаңы шайланып келген депутаттары менен чогуу чечилерин айткан. Быйыл 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоо жокко чыгарылды. Кайрадан шайлоо 11-июлга дайындалды.

Кичи автобустарда жол кирени 19 же 15 сом кылуу талаптары айтылууда.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо