Бишкек шаардык соту саясатчы Жеңиш Молдокматовду 6-июлга чейин камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
-
Бишкекте 1000 доллар пара алууга шектелип 1 милиция кызматкери кармалды.
-
Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү болуп дайындалды.
-
Мамлекеттик салык кызматы: “1-июлдан тарта өлкөдө алкоголь жана тамеки продукцияларын милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет”.
-
Нурбек Мурашев Исхак Пирматовдун ордуна “Бир бол” партиясынан парламентке депутат болуп бекитилди.
-
Коррупциялык ишке шектелип кармалган Бишкектин мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров үй камагына чыгарылды.
-
Улукбек Карымшаков президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
-
Өлкөдө жыл сайын 6 миңдей адам тамеки чегүүнүн айынан көз жумары айтылды.
-
Ибрагим Нуракун уулу Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчиси болуп дайындалды.
-
Акылбек Жапаров экономика жана финансы министри болуп дайындалды.
-
Кытай экономиканы колдоо максатында Кыргызстанга 54 миллион доллар суммасында грант берери айтылды.
-
2-июнга карата өлкөдө коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын ичинен 94 адамдын абалы өтө оор экени айтылды.