ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО: МААНИЛҮҮ МЫЙЗАМ ЖАКЫНДА ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ КИРГИЗИЛЕТ

№966 10-16-июнь, 2021-ж.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоого тийиштүү мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилери күтүлүүдө. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы курамы 90 депутаттан турат. 55 депутат партиялык тизме боюнча, 35 депутат бир мандаттуу округдардан шайланары каралууда.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жараксыз деп табууга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоо же жаңы шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен жарыяланат деп белгиленген.

Президенттик администрация 1-июндан кечиктирилип жатышынын себебин түшүндүрдү.

– 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумда Жогорку Кеңешти түзүүнүн башка тартиби каралган жаңы Конституция кабыл алынгандыгын, анда шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзам иштелип чыгып, кабыл алынышы керектигин, анын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлүшү мүмкүндүгүн айта кетүүбүз керек. Биринчиден, эски Конституция жана аракеттеги шайлоо мыйзамдарынын, экинчиден жаңы Конституция жана шайлоо жөнүндөгү иштелип чыккан мыйзам долбоорунун ортосундагы карама-каршылыктар иштеп жаткан конституциялык мыйзамдын буга чейин токтотулган 38 жана 63-беренелерин жандандырууга жана жаңы шайлоону же кайрадан шайлоону дайындоого жол бербейт. Тийиштүү мыйзам долбоору жакында парламенттин кароосуна киргизилет,- деп айтылат маалыматта.

Айрым саясатчылар парламенттик шайлоо 31-октябрда өтүшү мүмкүн деп жатышат.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо