САДЫР ЖАПАРОВ: “СОТ ЖАНА УКУК КОРГОО СИСТЕМИН ТҮП ТАМЫРЫНАН ӨЗГӨРТӨБҮЗ”

№966 10-16-июнь, 2021-ж.

7-июнда Бишкекте Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин алгачкы жыйыны өттү. Жыйында президент Садыр Жапаров сот жана укук коргоо органдары негизги функциясын аткара албай жатканын, элде аларга ишеним жок экенин билдирди.

– Мурунку тажрыйбаны эске алып, эл-журттун кызыкчылыгындагы эффективдүү укук коргоо жана сот системин түзүүнүн, соттук-укуктук реформаны жандандыруунун убакыт-сааты келди. Мыйзамдар укук коргоо ишине жана сот өндүрүшүнө тоскоолдук жараткан сенек нерсе болбостон заман талабына шайкеш келиши зарыл. Андыктан мыйзамдарды сапаттуу жаңыртуу жана өркүндөтүү боюнча иштер төмөндөгүдөй негизги этаптарды камтышы керек деп ойлойм. Биринчи этап – тергөө жана сот өндүрүшү маселелерин жөнгө салган мыйзамдардын учурдагы абалына баа берүү, алардын негизги карама-каршылыктарын жана өркүндөтүүнүн баштапкы пункттарын аныктоо. Экинчи этап – мыйзамдарды өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу, учурдагы негизги, келечектүү багыттарын аныктоо жана аларды жүзөгө ашыруу,- деди Садыр Жапаров.

Президент жакын арада соттук реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун топтомун сунуштай турганын белгилеп өттү. Бул мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүүнү айтып Жогорку Кеңешке кайрылды.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо